Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:45

Бишкекте милиция кызматкери окуучу кызды зордуктоого шектелип кармалды


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы жашы жете элек кызды зордуктоого шектелип милиция кызматкери кармалганын билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, быйыл 11-декабрда Свердлов райондук милициясынын Балдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы билдирме менен кайрылган.

Анда Бишкектеги мектептердин биринин 8-классынын окуучусу Ж.А. ноябрь айынын аягында милиция кызматкери менен жакын мамиледе болгондугу тууралуу билдиргени көрсөтүлгөн.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (“Зордуктоо”) менен кылмыш иши козголуп, милиция кызматкери кармалган. Биринчи май райондук соту аны эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Ноябрдын соңунда Бишкектин четиндеги айылдардын биринде жашаган 20 жаштагы кыз Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылып, милиция кызматкеринен ыдык көргөнүн билдирген. Кийин шектүү милиционерге кылмыш иши козголуп, кармалганы маалым болгон.

Кыргызстанда соңку жылдары аялдарга жана балдарга каршы үрөй учурган зомбулук фактылары тууралуу маалыматтар көп чыгып жатат.

Башкы прокуратуранын маалыматында, былтыр Кыргызстанда 14 жашка чейинки 53 өспүрүм зордукталганы, быйыл сегиз ай аралыгында 14 жашка чейинки 20 жана 18 жашка чейинки 42 өспүрүм ушундай кылмыштан жабыркаганы расмий катталган.


Шерине

 

XS
SM
MD
LG